Бүгүн Москва соту Чынгыз Анарбек уулунун арызын карайт

Бүгүн Москва соту Чынгыз Анарбек уулунун арызын карайт
9-Июль 2018, Дүйшөмбү, 10:40

Бүгүн, 9-июлда Илинька көчөсүнөн жөө басып бараткан адамдарды сүзүп кеткен Анарбек уулу Чынгыздын арызы Москва сотунда каралат. Бул тууралуу “РИА Новости” маалымат агенттиги кабарлады.

Андай айтылгандай, соттук отурум Москва убактысы менен саат 10.40 белгиленген.

Чынгыз Анарбек уулу көрсөтмө берип жатып, кырсык болгонго чейин 20 сааттай уктабагандыгын жана окуя кандайча болуп кеткендигин аңдабай калгандыгын айткан: "Эмне болгонун өзүм билбей калдым. Мен унааны токтоюн деп газды басып алыптырмын. Ал жерде көп кишилер болгон. Коркконуман качууга аракет кылдым. Кардарымды жеткизип коюп үйгө барып уктайын дегем. Ушундай окуя болуп калды".

Бул окуя боюнча Москванын Таган соту 16-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Кыргызстандын элчилиги Анарбек уулу Чынгызды жактап жатып, эгер жаракат алган адамдардын өмүрүнө коркунуч келбесе кылмыш иши козголбой турганын айткан. Алардин пикиринде кармаган жаран административдик жоопкерчиликке гана тартылып, камакка алуунун кереги жоктугун билдирди. Эгер үй камагына чыгарылса, элчилик убактылуу баш калкалоочу жай менен камсыз кылууга даяр.

Сот отурумунда Чынгыз күнөөсүн мойнуна алып, мындай окуя болуп кеткенине өкүнүп жатканын айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!