​Жүк ташуучу унаа баланы сүздү

​Жүк ташуучу унаа баланы сүздү
9-Июль 2018, Дүйшөмбү, 12:32

Чүй облусунда оор жүк ташуучу унаа баланы өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, окуя Озерное айылындагы Фрунзе көчөсүндө болгон. Анда оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу күтүүсүз жерден жолго чыга калган 5 жаштагы баланы коюп кеткен. Наристе окуя болгон жерде көз жумган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!