​Мыйзамсыз товар өткөрүүдөн 217 млн. сом чыгым келтирилген

​Мыйзамсыз товар өткөрүүдөн 217 млн. сом чыгым келтирилген
10-Июль 2018, Шейшемби, 13:17

6 ай аралыгында мамлекеттик чек арадан товарларды мыйзамсыз алып кирүү жана чыгарып кетүү боюнча 77 фактынын бети ачылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 9га көп. Келтирилген чыгым 217 млн. сомду түздү. Анын 63 млн. мамлекетке кайтарылды. Жалпысынан 72 кылмыш иши козголду.

Аткезчилик жолу менен 2 миң 800 литр күйүүчү-майлоочу май, 35 млн. сомдук азык-түлүк жана керектелүүчү товарлар ташылып бараткан жеринин кармалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР