Өспүрүм кыз сууга чөгүп кетти

Өспүрүм кыз сууга чөгүп кетти
10-Июль 2018, Шейшемби, 15:28

Талас облусундагы Нылды көлүнө 15 жаштагы өспүрүм кыз чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Талас районунун Көк-Ой айылындагы Нылды көлүнө 2003-жылы туулган өспүрүм кыз сууга чөгүп кетти деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге 5 куткаруучу жиберилген, бирок алар жеткенге чейин кыздын жансыз денесин туугандары алып кетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!