​Кыргызстанга мыйзамсыз кирген унаалар ачыкталды

​Кыргызстанга мыйзамсыз кирген унаалар ачыкталды
14-Июль 2018, Ишемби, 14:40

Өлкөнүн аймагына 112 автоунаа мыйзамсыз жол менен ташылып келгени аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, контрабандалык жол менен келген унаалардан мамлекет 100 млн. сом зыян тарткан. Бул унаалардын 25 жүк ташуучу унаалар болгон. Алардын баары учурда камакка алынды.

Бажы төлөмү төлөнбөй өлкөгө киргизилген бул автоунааларды Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин кызматкерлери каттап беришкен. Департаменттин кызматкерлерине карата Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Контрабанда”, “Документтерди жасалмалоо” беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө бүтүп, иш сотко өткөрүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!