16-июль: күндүн табы 38 градуска чейин ысыйт

16-июль: күндүн табы 38 градуска чейин ысыйт
16-Июль 2018, Дүйшөмбү, 09:24

16-июлда өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Нарын дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36;

Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;

Ошто түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37;

Жалал-Абадда түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37;

Баткенде түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37;


Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 33…35 градус ысык болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!