18-июль: көпчүлүк аймактарында өткүн өтөт

18-июль: көпчүлүк аймактарында өткүн өтөт
17-Июль 2018, Шейшемби, 16:31

18-июлда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;

Нарын дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 29…34;

Ошто түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Жалал-Абадда түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Баткенде түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

18-июлда Бишкек шаарында түнкүсүн өткүн өтүп күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 33…35 градуска чейин көтөрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!