19-июль: Күндүн табы 39 градуска жетет

19-июль: Күндүн табы 39 градуска жетет
18-Июль 2018, Шаршемби, 17:07

19-июлда өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн 11...16, күндүз 22...27;

Нарын облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 26...31

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 33...38;

Таласта түнкүсүн 11...16, күндүз 30...35;

Ошто түнкүсүн 18...23, күндүз 34...39;

Жалал-Абадда түнкүсүн 18...23, күндүз 34...39;

Баткенде түнкүсүн 20...25, күндүз 34...39 градус ысык болот.

Бишкекте 19-июлда түнкүсүн өткүн өтөт, күндүз жамгыр жаабайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17...19, күндүз 36...38 градуска чейин жогорулайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!