Москва: Жол кырсыктан үч кыргызстандык каза болду (видео)

Москва: Жол кырсыктан үч кыргызстандык каза болду (видео)
19-Июль 2018, Бейшемби, 09:53

Москвада кыргызстандык таксист эки жүргүнчүсү менен жол кырсыгына кабылып, үчөө тең каза болду. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.


Маалыматка караганда, 20 жаштагы Hyundai автоунаасынын айдоочусу Ташкент көчөсү менен катуу ылдамдыкта бара жатып, рулду башкара албай электр мамычаны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен үчөө тең көз жумду.

Бул окуя боюнча Кыргызстандын элчилиги да каза болгон жарандардын өздүгүн тактоо иштерин алып барышууда. Учурда эки жарандын туугандары изделип жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!