ӨКМ эскертүү: күндүн ысыгы нормадан жогору болот

ӨКМ эскертүү: күндүн ысыгы нормадан жогору болот
19-Июль 2018, Бейшемби, 13:49

20-23-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында абанын күндүк орточо температурасы климаттык нормадан 4…6° жогору болуп, дыйканчылык аймактарда кургак жана ысык болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, синоптиктердин билдиргени боюнча абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткенде күндүз 37-40 градуска жетет. Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу керек .

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!