​Оорукана курууда мамлекетке зыян келтирилген

​Оорукана курууда мамлекетке зыян келтирилген
20-Июль 2018, Жума, 12:21

Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери облустук оорукана курууда мамлекетке зыян келтиришкен. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын март айында Капиталдык курулуш башкармалыгынын Жалал-Абад облустук бөлүмү Жалал-Абад облустук психо-неврологиялык балдар ооруканасын куруу үчүн конкурс жарыялаган. Ага катышкан компаниялардын бири конкурстун натыйжасына нааразы болуп кайрылган. Буга карабай тендерде уткан компания менен келишим түзүлгөн. Аудитордук иликтөөнүн натыйжасында Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке жалпысынан 17 млн. сом зыян келтиргени аныкталды.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы “Кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Мамлекет үчүн атайылап пайдасыз келишим түзүү” беренелери негизинде кылмыш ишин козгоду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!