​Мал уурдоодон 1,5 млн. сомдук чыгым келтирилди

​Мал уурдоодон 1,5 млн. сомдук чыгым келтирилди
20-Июль 2018, Жума, 14:32

Ысык-Көлдө жыл башынан бери мал уурдоодон түшкөн зыян 1,5 млн. сомду түзгөн. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милициянын кызматкерлери уурдалган жаныбарлардын ээлерине 721 миң сом өлчөмүндөгү чыгымдарын калыбына келтирип беришкен.

Ушул мезгилде жалпысынан 98 баш мал уурдалып, анын 50сү кайтарылып берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!