​Бишкек мэри качан шайланат?

​Бишкек мэри качан шайланат?
20-Июль 2018, Жума, 16:08

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 23-июлда белгилүү болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, БШКга өкмөт башчынын Бишкек мэри Албек Ибраимовду кызматтан бошотуу боюнча 19-июлдагы токтому келип түшкөн. 23-июлда жыйын өткөрүлүп, шайлоо күнү белгиленет. Андан соң 20 күндөн кечиктирилбей шайлоо өткөрүлөт. Мыйзамга ылайык мэрди шаардык кеңештин депутаттары жашыруун добуш берүү аркылуу шайлашат. Мэрликке талапкерлерди фракциялар, көпчүлүк коалиция жана өкмөт башчы сунуштай алат.

Эске салсак, 13-июлда шаардык кеңештин депутаттары шаар мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп. 19-июлда кызматтан алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!