​III ДКО: миңден ашуун спортчудан билдирүү келди

​III ДКО: миңден ашуун спортчудан билдирүү келди
21-Июль 2018, Ишемби, 12:10

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына (III ДКО) катышууга 44 өлкөдөн билдирүү келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, ушул күнгө карата дүйнөнүн 44 өлкөсүнөн 1 миңден ашуун спортчу көчмөндөр оюндарына катышууга билдирүү беришти. Спортчулардын анкеталык маалыматтары III ДКОнун спорттук программасын өткөрүү жөнүндө жобонун талаптарына ылайык аккредитациянын электрондук системасы боюнча келип түштү. Спорттук делегацияларды каттоо иштери 31-июлда аяктайт. III ДКОго командаларды аккредитациялоо оюндардын расмий сайты аркылуу жүзөгө ашырылат.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга дүйнөнүн 102 өлкөсүнө расмий чакыруу жөнөтүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!