​Демалыш күнгө карата аба ырайы

​Демалыш күнгө карата аба ырайы
21-Июль 2018, Ишемби, 13:56

22-июлда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;

Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 32…37;

Ошто түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40;

Жалал-Абадда түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40;

Баткенде түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32;

Нарын дубанында түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 36…38 градуска чейин көтөрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!