​72 адам сууга чөгүп каза болду

​72 адам сууга чөгүп каза болду
21-Июль 2018, Ишемби, 14:13

Жыл башынан бери 72 адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөдө жыл башынан бери 72 адам сууга чөгүп каза болсо, анын 46сы эркектер. Аялдар жетөө болсо, 19у өспүрүмдөр.

Жарандардын сууга чөгүп каза болуу фактысы боюнча Чүй облусу сап башында, андан кийин Жалал-Абад облусу. Бишкек шаары, андан кийин Ош жана Ысык-Көл облустары турат. Ал эми Нарын облусунда жыл башынан бери адамдардын сууга чөккөн учуру катталган эмес.

Ал эми жайкы эсалуу сезонунун башталышы менен сууга чөгүп каза болгондордун саны 50гө жетти. Алардын 32си эркектер, аялдар 3ө болсо, өспүрүмдөрдүн саны 15ти түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!