​Чет өлкөлүк саякатчы тоодон кулап каза болду

​Чет өлкөлүк саякатчы тоодон кулап каза болду
21-Июль 2018, Ишемби, 14:30

Ысык-Көлдөгү “Көк-Жайык” жайлоосунда Жети-Өгүз капчыгайында чет өлкөлүк жаран тоодон кулап каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 68 жаштагы Түштүк Кореянын жараны Чульсо Ким 64 жаштагы жубайы Тейвон Пак менен Караколдон “Көк-Жайык” жайлоосуна шаркыратманы көргөнү келишкен. Саат 16:30 чамасында алар шаркыратмага жалгыз аяк жол менен бара жатышканда Ким Чульсо тайып кетип 25-30 метр бийик жерден кулап түшкөн. Натыйжада ошол жерден каза болгон.

Көз жумган туристтин жубайы бул кырсык болгондуктан эч кандай дооматы жок экендигин билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!