24-июль: аптаптын табы кайтат

24-июль: аптаптын табы кайтат
23-Июль 2018, Дүйшөмбү, 14:47

24-июлда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кыска убакытка жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Күндүз Чүй, Нарын облустарында жана Ысык-Көл акваториясында шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26;

Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30.

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +25…+30;

Таласта түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30;

Баткен облусунда +18…+23, күндүз +32…+37;

Ошто түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36;

Жалал-Абадда түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36;

Бишкек шаарында кыска убакытка жаан жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метерге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +28…+30 градусту түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!