​Бишкек КМШдагы мыкты шаарлардын катарында

​Бишкек КМШдагы мыкты шаарлардын катарында
24-Июль 2018, Шейшемби, 13:03

“ТурСтат” агенттигинин рейтингинде Бишкек шаары россиялык туристтердин жайкы саякаты үчүн КМШ өлкөлөрүндөгү эң мыкты 10 калаанын арасына кирди.

Агенттиктин рейтингине ылайык быйылкы жайда Азербайжандын Баку шаары, Беларусиянын Минск, Казакстандын Алматы, Астана, Армениянын Ереван, Кыргызстандын Бишкек, Өзбекстандын Ташкент, Молдованын Кишинёв, Тажикстандын Душанбе жана Түркмөнстандын Ашхабад шаарлары россиялык туристтердин баалоосу боюнча КМШдагы алдыңы ондукта турат.

КМШдагы эң арзан жайкы турлар деп Кишинёв жана Бишкекти, ал эми дем алыш күндөрдөгү турларга жана шопингге ылайыктуу деп Баку жана Астана шаарлары аталган.

Орточо эсеп менен россиялык туристтер КМШдагы шаарларда жана курорттордо 1 күндө тамагына жана жашаган жерине 50 доллардан 100долларга чейин төлөшөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!