26-июль:тоолуу райондордо жаан жаайт

26-июль:тоолуу райондордо жаан жаайт
25-Июль 2018, Шаршемби, 15:54

26-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, күндүз Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28.

Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;

Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;

Ошто түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;

Баткенде түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;

Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 33…35 градусту түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!