Роза Отунбаева байгелүү сынак жарыялады

Роза Отунбаева байгелүү сынак жарыялады
26-Июль 2018, Бейшемби, 09:27

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «Кыргызстандын жайлоолорундагы өнүктүрүү борборлору» темасына арналган видео-роликтердин байгелүү конкурсун жарыялады.

Статистика боюнча Кыргызстанда балдардын 20 пайызынын гана балдар бакчаларына баруу мүмкүнчүлүгү бар. Айрым аймактарда бул цифра андан да аз – 14 пайыз. Айылдагы балдардын, малчылардын балдарынын мектепке чейинки билимди алууга жана комплекстүү өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Жай мезгилинде 3-4 айдын ичинде малчылардын балдары ата-энелери менен бирге жайлоодо болот. Алар ал жакка мал айдап барышат. Жайкысын жайыттарда малды малчылар, жалданма жумушчулар карайт. Булар айыл тургундарынын алда канча аз камсыз болгон катмарлары, жайкысын аба ырайы кандай болбосун тоолордо жүрөт.

Алыскы тоолуу региондордогу балдар мектепке чейинки даярдоо жана комплекстүү өнүгүү мүмкүнчүлүгүнөн таптакыр ажыраган. Ошол эле учурда балдарды эрте өнүктүрүүнүн артыкчылыгы илимий жактан далилденген. Дал 3 жашка чейинки курактагы бала маалыматтардын жана жөндөмдөрдүн зор бөлүгүн – басууну, сүйлөөнү жана башкаларды өздөштүрөт. Ошондуктан бүткүл дүйнөдөгү өлкөлөрдүн өкмөттөрү мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн чараларды көрөт. 2014-жылы «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ жайлоодогу балдар бакчалары боюнча программаны баштады. Алыскы тоолуу райондордун өзүндө 27 балдар бакчасы ачылды. 2015-жылы алардын саны 87ге жетти. 2016-жылы 117 өнүктүрүү борбору иштеди, 2017-жылы Кыргызстандын 7 областында 98 борбор иштеди. 2018-жылдын июнь/июлунда 100 «Жайлоодогу өнүктүрүү борбору» өз ишин баштады. Балдардын курагы 2 жаштан тартып 12-14 жашка чейин. Борборлордо балдар гана окуп тим болбостон, ошондой эле ата-энелер үчүн ар кандай темалар боюнча тренингдер өткөрүлөт.

Конкурстун максаттары:

— Кыргызстандын региондорунда балдарды эрте өнүктүрүү маселелеринин маанилүүлүгү жөнүндө калктын маалымдар болушун арттыруу;

— Кыргызстандын тоолуу региондорунун жамааттарын балдарды өнүктүрүүнүн альтернативдүү кызмат көрсөтүүлөрүн жана балдар билим берүү уюмдарынын башка формаларын, анын ичинде «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун» түзүүгө шыктандыруу.

Конкурска кимдер катыша алат?

Бардык таламдаштар: ышкыбоздор жана кесипкөйлөр.

Конкурстун башталышы: 2018-жылдын 15-июль

Конкурстун аякташы: 2018-жылдын 10-август

Видеороликтерге талаптар кандай?

Хронометраж: 1,5 мүнөттөн 15 мүнөткө чейин.

Ар кандай жанрда, форматта, кыргыз тилинде видео баяндоо. Булар төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

• Көркөм («Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун» ишин ачып көрсөткөн);

• Анимациялык фильмдер («Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун» ишин ачып көрсөткөн);

• Репортаждар («Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун» ишин ачып көрсөткөн);

• «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун» түзүүдө инсандын ролу же катышуунун конкреттүү мисалы» жөнүндө интервью же видео;

• Видео-арт («Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун» ишин ачып көрсөткөн).

Эң башкысы – бул балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнүн жана балдарды өнүктүрүүгө коомдун көңүлүн буруу зарылчылыгынын, үй-бүлөлүк баарлашуу маданиятынын, аларга өз алдынча өнүгүү жөндөмдөрүн каныктыруунун идеясы.

Фильмдер төмөнкүдөй темаларды чагылдырышы мүмкүн. Жайлоодогу балдар бакчаларынын мыкты тажрыйбасы, реалдуу таржымалдар, балдар бакчаларына барган балдардын жана ата-энелердин үмүт-тилектери жана пикирлери, тарбиячынын чеберчилиги, балдарды тарбиялоого жана борборду уюштурууга ата-энелердин тартылышы, жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун уюштуруунун оорчулуктары, волонтерлор, өнүктүрүүнүн көйгөйлүү учурларын жана маселелерин, бир баланын, чоң кишинин конкреттүү мисалын чагылдыруу, эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн аңдап-түшүнүүгө коомго чакырык. Бул жайлоодогу балдар бакчаларынын мисалында балдар бакчаларын жана мектепке чейинки билим берүүнү андан ары өнүктүрүүгө сиздин көз карашыңыз болушу мүмкүн.

Сиз Кыргызстандын жети областынын ар кандай биринде иштеп жаткан Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорубуздун бирине же бир нечесине барып; жайлоодогу жашоо-тиричиликти көрүп жана аны аңдап-сезип жана Борбор (бакча) кандай иштеп жатканын түшүнө аласыз.

Бир адамдан берилүүчү видео-роликтердин санына чек коюлбайт.

Мөөнөттөр

Конкурска катышуу үчүн видеороликтерди берүүнүн акыркы мөөнөтү – 2018-жылдын 10-августу. Конкурстун калыстар тобу бардык арыздарды карайт жана жеңүүчүлөрдү аныктайт.

Байгелер

Биринчи орун – 1 адамга Түркияга баруу.

Экинчи, Үчүнчү орун – баалуу байгелер

Арыз берүү

Атайын техникалык талаптар болбостон көрүү мүмкүнчүлүгү менен ар кандай форматтагы роликти, ошондой эле анын ФАЖсын, фильмдин аталышын, телефондун номерин көрсөтүү менен конкурсанттын байланышуу маалыматын төмөнкүдөй дарекке жөнөтүү керек: «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, Бишкек шаары, 720040, Чүй проспекти, 106, 113-каб. Роликке жана байланышуу маалыматына шилтемени төмөнкүдөй дарекке жөнөтүү керек: s.arstanbek@gmail.com, admin@roza.kg

Конкурс жөнүндө маалымат төмөнкү сайтта: www.roza.kg

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Актриса айылга 4 миллион евро керээз калтырды
Актриса айылга 4 миллион евро керээз калтырды
​Эртең Кыргызстан менен Жапон футболчулары беттешет
​Эртең Кыргызстан менен Жапон футболчулары беттешет
Цукерберг
Цукерберг "Iphone" колдонгонго тыюу салды
Бишкек-Ош  жолунда газ ташуучу унаа өрттөндү
Бишкек-Ош жолунда газ ташуучу унаа өрттөндү
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Маселелер мен Өзбекстанга расмий визитимдин учурунда чечилди"
Пафф Дэддинин жубайынын сөөгү Лос-Анджелестеги үйүнөн табылды
Пафф Дэддинин жубайынын сөөгү Лос-Анджелестеги үйүнөн табылды
​Кадыров беш жаштагы спортчуга
​Кадыров беш жаштагы спортчуга "Mercedes" белек кылды(видео)
Россияга күйүүчү май ташылып кетүүдө
Россияга күйүүчү май ташылып кетүүдө
Казакстан ракета кырсыгы боюнча актыларды Россияга жөнөттү
Казакстан ракета кырсыгы боюнча актыларды Россияга жөнөттү
2017-жылы сатып алуулар порталында 72,8 млрд сомго конкурс жарыяланган
2017-жылы сатып алуулар порталында 72,8 млрд сомго конкурс жарыяланган
 «Instagram”  бир саамга иштебей калдыбы?
«Instagram” бир саамга иштебей калдыбы?
​Криштиану Роналду үйлөнүүнү чечти
​Криштиану Роналду үйлөнүүнү чечти
"Бишкек мен сени сүйөм" инсталляциясын ким сындырганы аныкталды
​ЕӨБ: Кыргызстандын ИДӨсү жогорулайт
​ЕӨБ: Кыргызстандын ИДӨсү жогорулайт
Башкы прокуратура бир нече аскерге кылмыш ишин козгоду
Башкы прокуратура бир нече аскерге кылмыш ишин козгоду
Президент экс-премьерлер жана спикерлер менен качан жолугушарын айтты
Президент экс-премьерлер жана спикерлер менен качан жолугушарын айтты