​Жол эрежесин бузуп бюджетке 260 млн. сом төлөдү

​Жол эрежесин бузуп бюджетке 260 млн. сом төлөдү
26-Июль 2018, Бейшемби, 10:39

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында жол эрежелерин бузуудан бюджетке 260 млн. сом түшкөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 80 млн. сомго көп.

Жол эрежелерин бузуу фактылары 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 47,5 пайызга көп аныкталган. Алсак, 2017-жылдын 6 айында катуу ылдамдык боюнча 35 миң 104 факты катталса, бул жылы 66 миң 134 факты катталган. Былтыр мас абалда унаа башкарган 5 миң 355 айдоочу кармалса, быйыл алардын саны 5 миң 911ди түзгөн.

Мындан сырткары аталган башкармалык тарабынан 386 кызматтык иликтөө жүрүп, 4 кызматкер жумуштан алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!