​Сүйүнчүгө 155,8 млн. сом берилди

​Сүйүнчүгө 155,8 млн. сом берилди
26-Июль 2018, Бейшемби, 11:59

Жыл башынан бери 155 млн. 800 миң сом сүйүнчү берилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин адиси Нуржан Алапаева билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча жалпы 38 миң 187 жаранга сүйүнчү берилген. Күн сайын арыздар топтолуп, акча ошол замат которулат.

Эскерте кетсек, ар бир ымыркайга 4 миң сомдон сүйүнчү берилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!