​27-июль: айрым аймактарда жаан болушу мүмкүн

​27-июль: айрым аймактарда жаан болушу мүмкүн
26-Июль 2018, Бейшемби, 14:16

27-июлда өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29;

Ошто түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;

Жалал-Абадда түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;

Баткен облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;

Нарында түнкүсүн 9…16, күндүз 22…29,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…16, күндүз 22…29,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 29…31 градуска чейин көтөрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!