​28-июль: күн 35 градуска чейин ысык болот

​28-июль: күн 35 градуска чейин ысык болот
27-Июль 2018, Жума, 16:15

28-июлда өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29;

Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 24…30;

Ошто түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Жалал-Абадда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Баткенде түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 27…29 градуска чейин көтөрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!