​Мамлекеттик сатып алуулар боюнча 66 кылмыш катталды

​Мамлекеттик сатып алуулар боюнча 66 кылмыш катталды
27-Июль 2018, Жума, 16:38

6 айдын ичинде Кыргызстанда мамлекеттик сатып алууларга байланышкан бюджеттин каражатын уурдоо боюнча 66 факт катталган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын ыкчам башкармалыгынын башчысы Сагынбек Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, уурдалган каражаттын жалпы суммасы 87,9 млн. сомду түзгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 37,1 млн сомго көп.

“Аныкталган кылмыштар боюнча көрсөтүлгөн сумманын 11,8 млн. сому же 13,4 пайызы кайтарылган. 66 кылмыш иши козголгон. Кызматтык мыйзам бузуу фактылары боюнча 189, анын ичинен 12 пара алуу боюнча кылмыш иши ачылган”,-дейт Абдылдаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!