Кыргыз аскерлери курал атуу чемпионатына катышат

Кыргыз аскерлери курал атуу чемпионатына катышат
28-Июль 2018, Ишемби, 12:42

2018-жылдын 27-июлунан 1-августуна чейин Куралдуу күчтөрдүн Кургактагы аскерлеринин 20636 аскер бөлүгүнүн базасында КМШга кирген мамлекеттердин достук армияларынын офицердик үч түрдүү мелдеши жана штаттык куралдан аттуу чемпионаттары өткөрүлөт. Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргендей, 25-июлдан тартып чемпионаттын катышуучулары Кыргызстанга келе башташкан.

Ал эми 29-июлдан тартып,Беларусия өлкөсүндө өтө турган снайперлер мелдешине Кыргызстандын намысын коргоп, кургактагы аскерлерден 7 адам катышат. Тагыраагы команданын башчысы, машыктыруучу жана 2 снайпер (бирөө запаста болот).

Спорттук мелдештер өнөктөш өлкөлөрдүн аскер кызматчыларынын ортосунда Шериктеш мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкы бекемдейт. Ошондой эле, эл аралык класстагы аскер-спортчуларды даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу, Шериктеш мамлекеттердин Куралдуу Күчтөрүнүн спорттук жетишкендиктерин Эл аралык аренада көрсөтүү максатында дайыма өткөрүлүп келет.
Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрү меймандарды экинчи жолу кабыл алып жатышат. Өткөн жылы бул жерде КМШ КМ ДА 2000ден ашык спортчулар катышкан 2-Аскердик-спорттук оюндарынын ортосунда кызуу таймаш жүргөн.
Бул жылы офицердик үч түрдүү мелдеш өзүнө, жаш өзгөчөлүгүнө ылайык Макаров тапанчасынан атууну, 100 метрге жана 1,2,3, чакырымга чуркоону камтыйт. Штаттык куралдан атуу Макаров тапанчасы жана Калашников автоматынан жатып, туруп атуу менен жүгүзүлөт.
Чемпионаттар КМШ КМ коргоо министрлеринин Кеӊешинин чечимине жана Куралдуу Күчтөрүнүн Планына ылайык жүргүзүлүүдө

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!