​Депозиттик эсепке акыркы жумаларда169,3 млн. сом түштү

​Депозиттик эсепке акыркы жумаларда169,3 млн. сом түштү
28-Июль 2018, Ишемби, 14:01

Бирдиктүү депозиттик эсепке өткөн он жети күндө 169 млн. 314 миң 359 сом келип түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, түшкөн каражаттар кылмыш иштери козголгон экономикалык жана кызматтык кылмыштардын айынан мамлекет тарткан зыяндын ордун толтуруш үчүн тергөө учурунда өндүрүлгөн.

Анын 60 млн. сомго жакынын Башкы прокуратура, калган 110 млн. сомго жакынын УКМК тарбынан өндүргөн.

Бирдиктүү депозитке түшкөн каражат өкмөт атайын токтом менен бекиткен тартиптин негизинде бөлүштүрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!