​1,6 миң адам Кыргызстандын жарандыгын кабыл алды

​1,6 миң адам Кыргызстандын жарандыгын кабыл алды
31-Июль 2018, Шейшемби, 13:10

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана андан чыгаруу жөнүндө төрт жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы бидирди.

Маалыматка караганда, Президент кол койгон 4 жарлыктын бири 1654 адамды (анын ичинен 1406 — чоң адамдар жана 248 — балдар) Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жарлык. Кыргызстандын жарандыгын кабыл алып жаткандардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздар.

Мындан сырткары мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен 1170 (анын ичинен 934 — чоң адамдар жана 236 — балдар) Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылды.

Эгемендик алгандан бери башка өлкөлөрдүн жараны болуп кеткен кыргызстандыктардын саны 50 миңдин тегерегинде. Ошол эле учурда Кыргызстандын да, Россиянын да паспортуна ээ болуп, мыйзамсыз түрдө кош жарандык менен жүргөндөр да көп.

Баш мыйзамга ылайык кыргыз жарандыгынан чыгаруу жана ага кабыл алууга президент гана укуктуу

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!