​1-август: тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт

​1-август: тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт
31-Июль 2018, Шейшемби, 17:36

1-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Нарын жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25

Чүй облусунда түңкүсүн 15…20, күндүз 25…30;

Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;

Ошто түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33;

Жалал-Абадда, түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33;

Баткен облусында түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33 градус болот.

Борбор калаада жаан жаабайт. Күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 28…30 градуска жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!