40 жылдан бери изилденбеген сибирь жарасынын очоктору бар

40 жылдан бери изилденбеген сибирь жарасынын очоктору бар
1-Авг. 2018, Шаршемби, 14:41

Кыргызстанда 30- 40 жылдан бери изилденбеген сибирь жарасынын очоктору бар. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов маалымат жыйында билдирди.

Биздин талаптар боюнча калктуу конуш сибирь жарасы көмүлгөн жерден 1000 метр алыс жерде болушу керек. "Кээ бир жерлерде нормалар бузулуп, 200- 300 метрге чейин кирген учурлар бар. Негизи Кыргызстанда 1256дан ашык сибирь жарасы катталган учет бар. Бүгүнкү күндө 556 белгиленип, курчалып, айыл өкмөттүн балансына өткөрүлуп берилген. Муну биз жылда эки жолу ветеринардык иш чараларды жүргүзөбүз. Топурактан анализдерди алып лабораториядан текшерүү жүргүзөбүз. Кыргызстанда 30-40 жылдан бери табылбаган, изилденбей калган көптөгөн очоктор бар. Ошондуктан Сибирь жарасы катталган учурлар болуп калышы мүмкүн. Бирок, конуштардын ошол жерге жакын жайланып калышы ветеринардык жана санитардык нормага туура келбейт. Бул деген биринчи кезекте биздин элдердин анан мамлекеттин коопсуздугу болуп эсептелинет”, - деди ал.

Белгилей кетчү жагдай, калк отурукташкан жаңы конуштар Сибирь жарасы менен ооруган мал көмүлүүчү жайга жакын жайгашып калган учурлар кездешет. Эрежеге ылайык, мал көмүлгөн жай калктуу конуштан 1000 метр, - мал айдап чыгуучу жолдон жана жайыттардан - 200 метр алыс турушу керек жана аянты 600 м2дан кем эмес болушу шарт.

Жыл башынан бери бруцеллез менен 383 адам ооруган

Жусупов: "Бруцеллез менен ооруган адамдардын саны былтыркы жылы миңге жакын болгон. 4-5 жылда бруцеллез менен ооруган адамдардын саны 5 миңге чейин жеткен. Акыркы жылдары бул оору менен ооруган адамдардын саны кыскарып жатат. Бул деген биздин убагында эмдөө иштери жүргүзүп, убагында көзөмөл кылып, изилдөөлөрдү жүзгүзгөндөн болуп атат”, - деп түшүндүрдү. Жалпы жолунан Кыргызстандык аймагында Эпизоотиялык абал туруктуу. Коркунучтуу делген тогуз ооруга каршы маминспекция эмдөө иштерин жүргүзгөн.

Малды идентификациалоо

Бүгүнкү күнү республикада жалпы 1676,4 миң(106%) бодо малга биркалар басылып анын ичинен 186 миң баш быйылкы төл, жалпы 1606,1 миң (96%) баш мал маалыматтык базага киргизилген. Учурда Ветеринардык коштомо документтерди көзөмөлдөө маалымат системасы “ИСЭЛЕК” иштелип чыгып колдонууга берилди. Бул маалымат системаны ЕАЭБдин маалымат ситемаларына кошуу маселеси каралууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Кытай АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүнөн баш тартты
Кытай АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүнөн баш тартты
Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө мыйзамга кол коюлду
Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө мыйзамга кол коюлду
Дастан Бекешев: Угуусу төмөндөр онлайн түрдө сүйлөшө алышат
Дастан Бекешев: Угуусу төмөндөр онлайн түрдө сүйлөшө алышат
Денеден жагымсыз жыт чыгарган тамактар
Денеден жагымсыз жыт чыгарган тамактар
Жеңилбес Джошуа Поветкинди нокаут менен жеңди.
Жеңилбес Джошуа Поветкинди нокаут менен жеңди.
Эгиздей окшош: жылдыздуу ата-энелер жана алардын балдары
Эгиздей окшош: жылдыздуу ата-энелер жана алардын балдары
​Мектептердин 67 пайызы интернетке кошулган
​Мектептердин 67 пайызы интернетке кошулган
Баланын мурдунан суу куюлуу: Аллергиябы же Вирустук оорубу
Баланын мурдунан суу куюлуу: Аллергиябы же Вирустук оорубу
Финпол: Автоунаа ташуунун көмүскө схемасы аныкталды
Финпол: Автоунаа ташуунун көмүскө схемасы аныкталды
Өзбекстан менен Казакстан биргелешип спутник курат
Өзбекстан менен Казакстан биргелешип спутник курат
Миллионердин кызы сэндвич жеп көз жумду
Миллионердин кызы сэндвич жеп көз жумду
Документ жасагыч
Документ жасагыч "ортомчулар" көп кездешүүдө (видео)
Сержант катардагы жоокердин жаагын сындырды
Сержант катардагы жоокердин жаагын сындырды
​Роналду ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземине катышпайт
​Роналду ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземине катышпайт
Астананын чиновниктери унаадан баш тартып, таксиге өтүштү
Астананын чиновниктери унаадан баш тартып, таксиге өтүштү
Арыктоо үчүн качан тамактануу керек?
Арыктоо үчүн качан тамактануу керек?