Айтматов проспектиси Сухомлинов көчөсүнө чейин жабылды

Айтматов проспектиси Сухомлинов көчөсүнө чейин жабылды
3-Авг. 2018, Жума, 10:02

Айтматов проспектиси Жаманбаев көчөсүнөн Сухомлинов көчөсүнө чейинки бөлүгү бир жумага унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирди.

Маалыматка караганда, аталган бөлүктө магистралдык жылуулук түйүндөрүн алмаштыруу, ошондой эле кварталдын ички жылуулук түйүнүн алмаштыруу иштери жүргүзүлөт. Оңдоо иштери “Бишкекжылуулуктүйүнү” ишканасы тарабынан жүргүзүлүп, үстүбүздөгү жылдын 7-августунда бүткөрүлөт.

Айтматов проспектисин айланып өтүү батыш тарапка Бакаев (Чапаев) жана Жунусалиев (Орджоникидзе) көчөлөрү, чыгыш тарапка Токтоналиев жана Таабалдиев көчөлөрү аркылуу жүргүзүлөт. Айтматов проспектиси жана Айни көчөсүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн ачык болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!