Акциздик маркасы жок товарлар кармалды (видео)

Акциздик маркасы жок товарлар кармалды (видео)
3-Авг. 2018, Жума, 14:39

Акциздик маркасы жок тамеки продукцияларын аткезчилик жолу менен ташып кирүү фактысын аныкталды. Бул тууралуу Финансы полициясы маалымдады.

Ага караганда, 1-августта Аламүдүн районунун “Ак-Жол Автожол” өткөрмө пунктунда акциздик маркасы жок тамеки продукцияларын мыйзамсыз ташууга аракет кылып жаткан жеринен “Neoplan 116 Citiliner” маркасындагы транспорт каражаты (автобус) кармалган. Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери менен бирге автотранспорттун жүк салынган жагын караганда 5 башка аталыштагы чет өлкөлүк өндүрүштөгү (болжол менен 50 миң кутучадан) 75 тамекинин кутусу табылган, анын ичинен 20 куту тамеки Тажикстан Республикасынын акциздик маркалары менен, калган 50 куту акциздик маркасы жок болгон.


Азыркы убакта чогултулган материал ЭККМКнын Тергөө башкармалыгына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!