Орусияда кыргыз жаран эсине келбей каза болду

Орусияда кыргыз жаран эсине келбей каза болду
4-Авг. 2018, Ишемби, 13:29

Орусиянын Зеленоград шаарында Кыргыз Республикасынын жараны беш күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, эсине келбей каза болду. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов өзүнүн “Фейсбук” баракчасына билдирди.

Анын айтымына караганда, 26-июль күнү Зеленоград шаарында 43 жаштагы А. Ө эс алып олтурган жеринде түшүнбөстүк болуп, бирге олтурган балдар ур - токмокко алып сабап таштап кетип калышкан, жатып калган жеринен өтүп бара жаткан адамдар көрүп калышып тез жардам кызматын чакырышып, Зеленоград шаардык ооруканага жаткырышкан. 5 күн жандардыруу бөлүмүндө жатып 31 - июль көз жумат.

“Бул иш боюнча Зеленоград Тергөө Комитети иш козгоп (111-берене,4-бөлүк) тергөө иштери жүрүп жатат, тилекке каршы сабаган балдар кармала элек. Кечээтен бери уруксат кагаздар чогултулуп, бүгүн 2 - август маркумдун сөөгүн Москва-Бишкек багыты боюнча жөнөтүлөт. Эртен таңга маал маркумдун сөөгүн Бишкектен тосуп алышып жакындары, туулуп өскөн жери Токтогул шаарына алып барып коюшат. Маркумдун сөөгүн жөнөтүү боюнча ,каражат топтоп, жакындан жардам берген бир туугандарга рахмат айтып, ыраазычылык билдиребиз! ”, - деди Кошматов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР