Токтонасыров: Мэр шайланат! Бекитилбейт!

Токтонасыров: Мэр шайланат! Бекитилбейт!
6-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 13:09

Бүгүн, 6-августта жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бишкек мэриянын алдында “Мэр шайланат! Бекитилбейт, токтоткула!” деген ураан менен митингге чыкты.

Ал мэрди шайлоо элдин пикирин эске алуу менен бирге атаандаштык негизде өтсө болмок деген ойдо:

”Мэрликке татыктуулар көп болчу. Атаандаштык кайда? Шаардын башчысы альтернативалык негизде шайланыш керек да. Катуу айтсам кечирип койгула мамлекеттик тилде эркин сүйлөй албаган мэр кантип жыргатат?”

Эскерте кетсек, Азиз Суракматовдун талапкерлигин Бишкек Шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн. Жалгыз талапкер Азиз Суракматов 31-июлда Борбордук шайлоо комиссиясында кыргыз тилинен сынак тапшырган. Мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо боюнча комиссиясы Суракматовду “кыргыз тилин билет” деген чечимин чыгарды.

Ал өзүнүн программасы менен кыскача тааныштырып жатып, эски жолдордуу оңдоо, союз убагындагыдай автобустарды шаарга алып келүү, жарыктандыруу маселесине көңүл бураарын айткан:

- Мурун шаарда миң чоң автобус, 400-500гө жакын жаңы троллейбус бар болчу. Ошону биз алып келсек Бишкек шаарындагы транспорттук проблемаларды чечмек деп ойлоп жатам. Курч маселе экология болууда. Экология маселесин чечкенге азыр шаарды көбүрөөк жашылдандырууга аракет кылышыбыз керек. Ошого 45-50 миң бак-дарактарды, 15 миңден ашык бадалдарды отургузуу кажет. Андан ары шаардын чет жактарын жарыктандырып, азыр биз эски шамдарды диоддук шамдарга өткөргөнгө аракет кылабыз.

Дегени менен өзүнүн программасын кагаз бетине түшүргөндө көптөгөн каталарды кетиргени маалым.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!