Карылар үйүнө “байланган” тагдыр (видео)

Карылар үйүнө “байланган” тагдыр (видео)
10-Авг. 2018, Жума, 16:40

Кыргыздарда “Карысы бардын ырысы бар” деген жакшы сөз бар. Касиеттүү карыялар көптү билген кеңешчи, акыл айткан наасаатчы болуп келген. Акыркы убактарда карыларга болгон сый мамиле солгундап бараткандыгынан эч кимибиз тана албасак керек. Небере жытын жыттап, балдарынын сыйын көрүп төрдө олтурчу мезгилде капыстан карылар үйүнө кабылып, өз балдарынан кордук көргөн карыялардын санынын көбөйүшү кимди гана ойлондурбайт. Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана карылар үчүн делген социалдык мекемелердин саны 15ке жетти. Бул сан улууга урмат, кичүүгө ызат мамиле жасоону үйрөткөн, кыйын күндө да итин таштабаган кыргыз элинин каада-салты унуткарылып бара жатканын далилдейби?... Карылардын ак батасын алганга шашкан кыргызым эми карылар үйүнө тапшырууга шашкан заманга жеттиби?

Айтайын дегеним Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинде эле 200дөн ашык карылар жашайт. Алардын ичинен 50дөн ашыгы өз алдынча баса албайт. Баса алгандарынын деле абалы көңүл сүйүнтөөрлүк эмес. Эң өкүнүчтүүсү турмушка шылтап таштап кеткен балдары карылар үйүнө ата-энесинин пенсиясын алуу үчүн гана келишет экен. Коңшу Тажикстан өлкөсүндө карыган ата-энесин таштап кеткендерге карата жаза күчөтүлүп, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, ата-энесин карылар үйүнө негизсиз таштагандар үч жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул мыйзам Кыргызстанга жетпей жаткан сыяктуу.

Кезинде эл акыны Шайлообек Дүйшеев Канттын Нижняя Серафимовка айылындагы энелердин оор тагдыры баяндалган “Эсиңе кел” деген ыры менен коомчулукка кайрылып, катуу ойлонтту эле. Чыгарма 1987-жылы жаралган. Арадан туура 31 жыл өтсө да ата-энесин таштагандар азаймак турсун көбөйүп жаткандыгына жаны кейиди:

- Аң-сезим деген башкача болот экен да. Өнүккөн сайын сандан сапатка өтөт деген тескери чыгып жатпайбы кээде. Байыган сайын адамдар кутуруп, Кудайын тааныбай калат экен. Мен деле ойлогом ушул ыр таасир берип, өзүнүн карыган ата-энесин алып кетсе... кыргыздар деги ушуга жетпесе экен деп. Анда айтылып жатпайбы: “Кыргыздын кыйналган кездери болгон, бирок кыйын күнү итин да таштаган эмес, өзү менен ала кеткен”,-деп.Болгону ошол ыр чыкканда эки таластык кемпирди алып кеткен. Мен кийин деле кара сөз менен айтып көрдүм. Азыр карылар үйүнө таштаган модага айланып баратат. Билбейм бул эмнеге алып барат? Биз токтото албайт экенбиз да. Акын катары айтат экенбиз, жүрөгүң ооруйт. Эл жакшы болсо экен, кийинки өсүп келаткан муундар жакшы болсо экен дейсиң. Бирок укпайт экен да. Эгер ыр менен токтотсом

жыргабайт белем. Ушул ырды укканда уялат болуш керек деп ойлогом.

Ии баса, Карылар үйүндө 50гө ашык кызматкер иштесе 24 карыны 1 санитардык кызматкер памперсин алмаштырып, 24 саат бою ден-соолугуна кам көргөнгө туура келет. 200 карынын 200 оор тагдырына чыдап, ар бирине жеке мамиле жасаган кызматкерлер ушул күнгө чейин колуна 4,5 - 5,5 миң сом айлык алып иштеп келишет. Мамлекет карылардын бир күндүк тамак-ашына 100 сом, дары-дармегине 12 сом 50 тыйын бөлөт.

Өндүрүш Токтонасыров: “Ата-энесин таштагандарды жоопкерчиликке тартыш керек”

- Балдары, небере-чөбөрөлөрү бар туруп эмне үчүн карылар үйүнө барып калат? Ошол балдарды жоопкерчиликке тартыш керек. Парламентте багар-көрөр балдары бар туруп таштап кеткендерге мыйзам чыгарса жакшы болмок. Башка калктарды билбейм, кыргыз болуп туруп өзүңдүн ата-энеңди мамлекет багат деп карылар үйүнө таштаганың ай-талаага таштаганга эле барабар. Сен өзүңдугн милдетиңен кутулгун, ата-эненин эмгегин акта да...

Актан Рыскелдиев: "Ата-энесин таштагандарды такыр түшүнө албайм”

Кыргыздарда эч качан ата-энесин таштап кетүү деген болгон эмес! Эч качан! Кичүү баласы карап калчу да, карап калат азыр деле. Мен үйдүн кичүүсүмүн, бирок бөлүнүп алгам, эми кичине жашоонун ысык-суугун көрүп алайын деп. Эртеби кечпи ата-энемдин алдына бараарым турган иш. Ал эми карылар үйүнө атасын же апасын таштагандар эл душмандары! Наалат болсун аларга! Ата-энең сенин бейишиң деп коюшат го. Сыйлап бапестеп багып, алдан тайып калганда “уф” дебестен мээрим төгүп караган балдарга Аллах ыраазы болот. Ошондуктан мен ата-энесин таштагандарды такыр түшунө албайм, түшунгүм да келбейт!

Абдулбасит ажы - КМДБнун координатору: “Ата-энеге “ук” деп айтканга да болбойт”

Карылар үйү 1961-жылы эксплуатацияга берилген экен. Ошол убакыттан бүгүнкү күнгө чейин мусулман карыларыбызга жаназа окулуп узатылбаптыр. Ошол кездеги муфтий карылар үйүнөн кат келгенин айтты. Мен башка жакка барбасам дагы макулдугумду бердим. Ошол эле күнү ал жактан бир карыя каза болду деген кабар келди. Мен болсо бул жактан кепинди алып бардым. Жууп тазалап, кепинге ороп узаттык. Жаназага тургандарды ашканага киргизип көп маселе айтып бердим. Ошондо бардыгы: ” Эми биз ойлонбой өлсөк болот экен, жаназа окулат экен”, -деп ыйлашты. Ушул күнгө чейин 53 мусулман ата-апаны жаназасын окуп узаттык. Бул иш дагы эле улана бермекчи. Себеби бул чоң сооп. Карыларын таштагандарга Ислам дини көз карашта. Мындай нерсе болбош керек. Ал эмес “Ата-энеге ук дебе” деген аят бар. Азыр ата-энесин уруп, согуп таштап кетип жатышпайбы. Ата эне баланы чоңойтот. Баламдын тирүүсүндө жакшылыгын көрсөм, жакшы сөздөрүн уксам, өлгөндөн кийин мени кадырлап узатып коюп куран окуса деп тилейт. Ата-энеге “ук” деп айткан да болбойт!


Эсиңе кел!

Карачы,
Канчалаган ГЭСиң туруп,
Карайлап чырак жаккан калааңды, кыштагыңды,
Карачы, ич жагыңды,
Тыш жагыңды?
Карачы, дүкөндөгү
Көк сүттү, быштагыңды?
Карачы, уулдарыңды,
Колуна бийлик тийсе
Корсоңдоп өз элине манап болгон?
Карачы, кыздарыңды?
Кыздарың кырчынында талак блгон,
Кымызың кымыз эмес чалап болгон,
Балдарын таштаганы аз келгенсип,
Эми бизде
Атаны таштамай да,
Энени таштамай да
Адат болгон!

Каалайсыңбы,
Кыргыздын кем болушун?
Караңгыдан чыкпастан жем болушун,
Оозуң кана дегенге мурдун айтып,
Каалайсыңбы,
Жер менен жер болушун?

Каалайсыңбы,
Кыргыздын шал болушун,
Карыларын жоготуп зар болушун?
Ушул кезде элге окшоп дүйнө билбей,
Улан-кызы жалдырап мал болушун?

Кыргыздар,
Токтогула!
Энесин таштаганды,
Атасын таштаганды
Эл-журтка кошпогула!
Кыргыздар,
Токтогула!
Токтобосоң
Кайгы-муң каптайт бир күн,
Каныңды кактайт бир күн,
Энесин таштагандар,
Эртең эле башыңа азап түшсө,
Элин да таштайт билгин!
Атасын таштагандар
Ата Журтун таштайт билгин!

Шайлообек Дүйшеев

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР