Бишкекте №6 троллейбус каттай баштады

Бишкекте №6 троллейбус каттай баштады
29-Авг. 2018, Шаршемби, 14:26

29-августтан тартып, Бишкек шаарында №6 троллейбус каттамга чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы каттам 8-кичи райондон батыш автобекетине чейин жүрөт. Учурда 11 коомдук транспорт каттамга чыкты. Троллейбустардын ортосундагы аралык 8-9 мүнөттү түзөт. Бишкек шаардык мэриясы алардын санитардык абалына көңүл буруларын айтып, күн сайын эки маал тазаланып турарын кошумчалады.

Маалымат катары айта кетсек, азыркы учурда калаа тургундарын жалпы 126 троллейбус тейлейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!