"Арзу" кафесинде чыккан өрт өчүрүлдү

1-Сен. 2018, Ишемби, 22:30

Лебединовка айылынын Жеңиш проспектисинде жайгашкан "Арзу" кафесинде чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз кызматы кабарлады. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм жана авто шаты тартылган. Алдын ала маалымат боюнча, ашканадагы газ баллон жарылып кеткен. Жабыркагандар болгон эмес. Тилсиз жоо саат 04:30да толук өчүрүлгөн. Жалпы аянты болжол менен 2000 ч.м. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!