Москва: өз мекендештерин унаа менен тебелеп салды (видео)

Москва: өз мекендештерин унаа менен тебелеп салды (видео)
9-Сен. 2018, Жекшемби, 15:28

Москванын Новочеркасск бульварында бир канча жаранды сүзүп кеткeн айдоочу Кыргызстандын жараны болуп чыкты. Бул тууралуу Москва милициясынын басма сөз кызматы " РИА новости" маалымат агенттигине кабарлады. Алдын ала маалыматтар боюнча, кафеде кыргыз мекендештердин ортосунда өз ара чыр чыгып, Volkswagen Polo үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу атайын сүзүп, тебелеп кеткен.

Кырсыктан 10 адам жабыркап, ооруканага жаткырылган. Жабыркагандардын баары кыргыздар экени жана бирөө көз жумганы айтылууда.

Азыркы учурда айдоочу кармалып, сурак берип жатканын Москва шаардык полициясы орусиялык басылмага билдирди.

Ал эми РЕН-ТВ телеканалы кармалган жаран 1997-жылы туулган Кыргызстандык Сарбишев Б. экенин маалымдады.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!