​Дүйнөлүк банк жылуулук тармагына каражат бөлөт

​Дүйнөлүк банк жылуулук тармагына каражат бөлөт
10-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 15:04

Бишкек шаарынын жылуулук тармагына Дүйнөлүк банк каражат бөлөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитети 10-сентябрда Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну жактырды.

Тараптар Бишкекте “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу" деп аталган долбоорду ишке ашырууну көздөп жатышат. Жылуулук тармагын жакшыртуу, жабдууларды оңдоо боюнча долбоорго жалпы 46 млн. доллар кетет деп эсептелген. Бул каражатты Дүйнөлүк банк насыя жана грант түрүндө берет. Долбоор үч баскычта ишке ашырылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!