Москва: жарандарды сүзгөн факты боюнча иш козголду

Москва: жарандарды сүзгөн факты боюнча иш козголду
11-Сен. 2018, Шейшемби, 11:00

“Марьино” метросунун аймагындагы “Аура” түнкү клубунунда болгон каргашалуу окуя боюнча 9-сентябрь күнү Моска шаарынын Түштүк-чыгыш административдик округунун тергөө башкармалыгы тарабынан (экөө же бир нече жактарга карата өзгөчө коркунучтуу ыкмалар менен жасалган өлтүрүү, адам өмүрүнө кол салуу) беренелери менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Ички иштер министринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Өкүлчүлүгү Консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте окуя болгон жерге тез арада барышкан. Окуя болгон жерден укук коргоо органдары тарабынан болжол менен 5:59 чамасында “Фолсваген Поло” үлгүсүндөгү автоунааны башкаруусунда Кыргызстандын жарандарын сүзүп кеткен Россиянын жараны 1997-жылы туулган Бекжан Сарбишев кармалган. Ал өзүнүн иш-аракети менен 10 адамдын денесине ар кандай жаракаттарды келтирип, жабырлануучулар Москва шаарындагы медициналык мекемеге кайрылышкан. Андан сырткары 1997-жылы туулган Абдисамат уулу Амантур алган жаракаттарынын кесепетинен Москва шаарынын №68 клиникалык ооруканасынан каза болгон.

Болжолдуу версияга карата Сарбишев аттуу жаран өздөрүнүн туугандары менен түнкү клубда Д.Сарбишев аттуу эжесинин туулган күнүн белгилеп жатышкан. Бийлеп жатышкан учурда белгисиз адамдар туулган күн ээсине жана анын курбуларына тийишип, байкеси Б. Сарбишев туугандарына болуша кетип, белгисиз адамдар менен уруша кеткенде, көчөгө чыгышкан. Андан соң, белгисиз адамдардын бирөөсү өзүнүн автоунаасы менен атайылап жабырлануучуларды сүзүп кеткен. Жабырлануучу 10 адамга жеткен жана алардын ичинде жашы жете элек бирөө бар. Алардын экөөсүнүн өздүгү такталып жатат. Кыргыз Республикасынын ИИМдин өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Марьино районунун бөлүмүнүн жана Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!