Жанар Акаев: Мекендештердин жакшы жагын да даңазалаш керек

Жанар Акаев: Мекендештердин жакшы жагын да даңазалаш керек
25-Сен. 2018, Шейшемби, 16:15

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин демилгеси менен Москва шаарында эмгектенген мигранттар үчүн мамлекеттик тил күнүнө карата спорттук жана маданий иш-чаралар уюштурулду.

Анда футболдук турнирге 60 команда катышып, жыйынтыгында Сокулук районунун командасы чемпион аталды.

"Соңку учурда Орусиядагы мекендештердин мушташкан же бычакташкан сыяктуу гана окуялары Кыргызстанда көп чагылдырылып жатат. Биз сырттагы мекендештердин үлгүлүү жактарын да көрсөткүбүз келди. Тил майрамын Орусияда белгилөө көптөн бери максатым болчу, аларга аз болсо поэзия кечеси да уюштурулду. Жардам берген бардык жарандарга ыраазычылык билдирем, -деди эл өкүлү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!