“Дүйнө сулуусу – 2019” сынагына Эльмара Буранбаева барат (фото)

“Дүйнө сулуусу – 2019” сынагына  Эльмара Буранбаева барат (фото)
15-Ноя. 2018, Бейшемби, 15:51

Кечээ, 14-ноябрда “Дүйнө сулуусу - 2019” эл аралык сынагына Кыргызстандын сулуусу тандалды. Расмий тандоодо “Мисс Кыргызстан-2018” титулуна 21 жаштагы Эльмара Буранбаева татыктуу болду.



Эльмара Буранбаева эми “Дуйнө сулуусу – 2019” эл аралык сынагына Кыргызстандын атынан катыша алат.

Биринчи вице-мисс титулун 21 жаштагы Бегимай Ивакова алды.
Эскерте кетсек, бул сулуулар сынагына катышып, биринчи вице-мисс титулун жеңип алган Бегимай Ивакова белгилүү журналист Айдай Ивакованын кызы.


Экинчи вице-мисс титулуна 20 жаштагы Шахзада Балтабаева ээ болду.

Ал эми үчүнчү вице-мисс титулун 16 жаштагы Арууке Ниязбек кызы алды.

Бул сынактын калыстар тобуна, мурдагы “Кыргызстан сулуусу – 2017” сынагынын калыстары Бегимай Карыбекова, актриса Мээрим Атантаева, дизайнер Наиля Байкүчүкова, Маданият жана маалымат министрлигинин өкүлдөрү катышты. Бул сынактын уюштуруучуларынын бири Asia Mall соода борбору болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!