​Компьютер алууда 16 млн. сом чыгым келтирилген

14-Сен. 2017, Бейшемби, 12:15

Транспорт жана жолдор министрлиги Россия тарабынан бөлүнгөн каражатка компьютерлерди жогорулатылган баада сатып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Транспорт жана жолдор министрлиги Россия тарабынан колдоо үчүн бөлүнгөн каражатка компьютерлерди жогорулатылган баада сатып алганы аныкталган. Тактап айтканда министрлик 826,2 миң долларга компьютердик техникаларды жана жабдыктарды сатып алган.

Келишим түзүүдө министрликтин жумушчу комиссиясы мыйзамдын талабын бузуп “бир булактан” сатып алуу ыкмасын колдонгон. Жабдыктардын наркы базар баасынан бир топ жогорулатылган. Мамлекетке келтирилген чыгымдын көлөмү 16 млн. 851,14 миң сомду түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!