​Унаа кырсыгынан окуучу кыздар каза болду

18-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 10:11

Унаа кырсыгынан окуучу кыздар каза болду

Ошто өспүрүм жеңил унаанын башкара албай калып эки окуучу кызы каза болду. Бул тууралуу Ош областык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Lexus унаасы катышкан кырсык 17-сентябрда Ош обласытынын Чоң алай районундагы Карамык айылында кечки саат 4.30 чамасында болгон. 17 жаштагы өспүрүм унанны башкара албай калып оодарылып кеткен. Унаанын ичинде 4 окуучу кыз болгон. Кырсыктын кесепетинин 9 жана16 жашар кыз кырсык болгон жерден каза болгон. ал эми дагы 2 окуучу кыз жана айдоочу оор жаракат менен оорукана жеткирилген.

Учурда окуя териштилип жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!