​Сапар Исаков: “Чек арада абал оор бойдон калууда”

14-Окт. 2017, Ишемби, 10:00

Өкмөт башчы Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” жана “Ак-Жол автодорожный” көзөмөл өткөрмө пунктунда болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Учурда аталган пунктарда ысык тамак, медициналык жардам жана куткаруучу кызматтар менен камсыз болгон.

Өкмөт башчы кырдаалды жеринен таанышып жүк ташуучу унаалардын айдоочулары менен пикир алышты. Андан кийин өкмөт башчы чек арадагы кырдаалды жеңилдетүү боюнча иш жыйынын өткөрдү.

Анын айтымында чек арада абал оор бойдон калууда.

“Казакстан тараптын көзөмөл-өтмөк пунктарындагы режимдин күчөтүлүшү биринчи кезекте Кыргызстан менен Казакстандын жана үчүнү өлкөнүн карапайым жарандары кыйналып жатат. Биз бул маселенин болушунча тез чечилишине болгон аракеттерди кылабыз”,-дейт Исаков.

Өкмөт башчы чек арада түзүлгөн абалды жеңилдетүү боюнча тиешелүү мамлекеттик кызматтардын катышуусунда вице-премьер Дүйшенбек Зилалиев башында турган оперативдүү штаб түзүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле өкмөт башчы түзүлгөн кырдаалдан кезекте турган ишкерлер да чыгымга учурап жатканын белгилеп, Экономика министрине ишкерлер менен маалыматтык жолугушууларды уюштурууну тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!