3-ноябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрөт

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 09:43

Кыргызгидрометтин билдиргенине ылайык өлкө аймагында 3-ноябрдан тарта аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 3-ноябрда күндүз айрым райондордо, 4-5-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

4-5-ноябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 10…15° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 3…8° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -2…-7° суук болушу күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!