Бишкекте ​катуу сууктан 15 жаран көз жумду

26-Янв. 2018, Жума, 11:36

Жыл башынан бери Бишкек шаарында катуу сууктан 15 киши тоңуп каза болгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттук-медициналык экспертизанын негизинде алардын баары үй-жайсыз кишилер экендиги аныкталган.

Өткөн жумада профилактикалык иштердин натыйжасында 239 адам тилемчилик менен алектенгени маалым болду. 22 үй-жайсыз жаран “Коломто” үйүнө жаткырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!