Мэрия: коомдук унааларда көйгөйлөр жаралууда

29-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 11:19

Аба-ырайынын кескин суук болушуна байланыштуу транспорт тармагында дагы кээ бир техникалык көйгөйлөр жаралууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

"Каттамга чыккан коомдук транспортторго колдонулган күйүүчү май тоӊуп, каттамдын аягына чейин жетпей бузулуп калган учурлар тезден кездешип жатат. Ошондой эле, акыркы эки күндүн ичинде коомдук транспорттор эртең менен от албай, каттамга чыккан транспорттордун саны кескин солгундады",-деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын мэриясы өзгөчө эртеӊ мененки убакытта коомдук транспорттор менен бара турган жериӊиздерди алдын ала пландап алууӊуздарды жана чон муктаждык болбосо, бара турган жериңиздерди башка убакытка пландаштырууңуздарды өтүнөт.

"Азыркы учурда Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык транспорт башкармалыктары жана жеке менчик жүргүнчүлөрдү ташуучу ишканалар менен күн суук учурунда шаардыктарды ташууну үзгүлтүккө учуратпоо үчүн чараларды көрүүдө. Түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз",-дешти мэриядан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!