​Террордук топтун мүчөлөрү кармалды

29-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 15:59

УКМК контртеррористтик иш-чаралардын натыйжасында эл аралык террордук топтун үч мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эл аралык террордук топтун үч мүчөсү катары 1989-жылы туулган М.О., 1964-жылы туулган Ю.М. жана 1965-жылы туулган М.М. аттуу КМШ өлкөлөрдүн биринин жарандары болушкан. М.О. аттуу жаран Сириядагы согушка катышып келген. Ал чогуу кармалган жарандар менен бирге Кыргызстанга келип, эл аралык террордук топтун жашыруун жайын түзүүнү көздөгөн.

Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!